«Замана» темасы кыргыз адабиятында көптөн бери талкууланып, бирок ушул күнгө чейин түйүнү чечилбей келе жаткан маселелердин бири. Айталы, замана ырлары көркөм идеялык мазмуну жагынан да, жанрдык табияты боюнча да так аныктамасын ала элек. Бул маселени чечүүдө «замана» темасын колго алган изилдөөлөрдү хронологиялык тартипте кароо талапка ылайык. Анткени, маселенин изилдениш тарыхына көз чаптыруу ага берилген айрым сыпаттамалардын берилиш себебин түшүнүүнү оңойлотот. Макалада «замана» поэзиясынын теориялык маселелеринин изилденүү деңгээли, багыты жана ага берилген айрым аныктамалар туурасында ой жүгүртүлөт. Тагыраак айтканда, аны адабиятка тиешелүү көрүнүш катары “агым” дегенге болобу, же оозеки көркөм сөз өнөрүнүн бир түрү катары гана бааланышы керекпи деген суроолор талкууга алынат. Жыйынтыгында, «замана» адабий бир агым катары каралуу менен бирге бул кубулуш оозеки көркөм сөз өнөрүнөн башат алган, бир жагынан чыгыш адабиятынан азыктанган, оозеки адабияттан жазма адабиятка өтүү процессин чагылдырган уникалдуу көрүнүш катары бааланат.
Alan : Sosyal, Beşeri ve İdari Bilimler
Dergi Türü : Uluslararası
Benzer Makaleler | Yazar | # |
---|
Makale | Yazar | # |
---|