Сулайман тоо Ош шаарынын ортосунда жайгашкандыктан албетте адамдардын көңүлүн өзүнө бурбай койбойт. Сулайман тоонун айланасы шаар менен курчалып, шаарды аралай Ак-Буура дарыясы агып өтөт. Сулайман пайгамбар менен анын жиндерди өзгөчө кудурети аркылуу иштеткени тууралуу риваяттын уламыш катары мына ушул жерде өз ордун тапканын көрүүгө болот. Биз макаланы Ахлуллах Хайруллах уулу тарабынан Шура журналында жарык көргөн саякат баяндоону негиз алып жаздык. Андагы ишеним жана маалыматтар менен учурдагыны салыштыруу жана чечмелөөгө аракет жасадык. Сулайман тоодогу бардык көрүнүш жана жерлер кандайдыр бир ыйыктыкка байланышкан. Бир кылымдык тарыхка ээ макалада сүрөттөлгөн жерлердин айрымдарын учурда табууга мүмкүн эмес. Учурда Сулайман тоодо ыйык деп эсептелген жерлер менен макаладагы маалыматтарды салыштырган кезде аны даана түшүнүүгө болот. Анткени, орус падышачылылы келгенден жана Совет бийлиги орногондон кийин Сулайман тоодо өзгөрүүлөр, жаңылануулар жүргөн. Макаланын ички мазмуну жана максатына карай көз сала турган болсок, андагы түшүндүрмөлөрдү кадимчилик менен жадидчиликтин кагылышуусу катары чечмелөөгө болот. Макаланын автору болсо жадидчилик көз-карашы менен Сулайман тоодогу элдик ишенимдерди анализдеп, сынга алат. Анткени, Сулайман тоодогу ишенимдер ислам менен жуурурлушкан эски ишенимдер экени талашсыз. Биз изилдөөбүздө Сулайман тоодогу кыргыздардын исламга чейинки ишенимдерине басым жасайбыз жана анын ислам менен жуурулушунан сөз кылабыз.
Alan : İlahiyat
Dergi Türü : Ulusal
Benzer Makaleler | Yazar | # |
---|
Makale | Yazar | # |
---|