«Cengiz AYTMATOV’un evreni» kavramının 3 tanım ve açıklamasını vermek mümkündür: Birincisi – Aytmatov’un bir insan olarak dünya, evren algılayışı değişik ve sıradışı olduğundan, yazarın dünyası ile evreni biri birine bağlıdır. AYTMATOV evreninin ikinci tanımı – insan ile diğer insanın konuşmasıdır. AYTMATOV kendisi sıradışı bir insan olarak halkına, Türk dünyasına ve tüm insanoğluna hasretini, kasvetini aktarmış, insanlar ile paylaşmış gibidir. AYTMATOV evreninin üçüncü tanımı – insanoğlunu Kırgız halkının yegane değerleriyle tanıştırmasıdır. Cengiz AYTMATOV ise, yaşadığı döneme uygun olarak Kırgızların karakterinde Varoluşçuluk felsefesini yansıtarak dünyaya tanıştırmıştır. İnsanoğlunu daha ileriye, daha iyiye çağıran, dünyanın entellektüel güçlerini bir araya getiren «Isık Göl Forumu’nu» da AYTMATOV düzenlemiştir. Cengiz atamızın dediği gibi «Bizler bütün insanoğluna hitap ediyoruz» ifadesi hala aklımızdadır. Böylelikle, AYTMATOV dediğimizde Kırgızların özel, onlara has varoluşçuluk felsefesinin oluştuğunu görebiliyoruz.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы кыргыз маданиятынын гана эмес, дүйнөлүк маданиятынын алтын казынасына кирген көркөм бийиктик болуп эсептелинет. Ошондон улам жазуучунун мурасын философиялык жактан талдоо максаты коюлду. ―Айтматовдун ааламы‖ аттуу түшүнүктүн негизги маанилери изилденип, байыркы грек ―микрокосмос‖ менен ―макрокосмос‖ түшүнүктөрү аркылуу каралып чыкты. Айтматовдун ааламынын үч негизги мааниси белгиленип келет: Айтматовдун инсан катарында бул дүйнөнү, жалпы ааламды кабыл алуусу өзгөчө керемет болгондуктан, жазуучунун ааламы менен дүйнөлүк ааламдын өз ара байланышы каралып чыгат; инсан менен инсандын баарлашуусу катарында Айтматовдун окурмандарга карата улуу насааты белгиленет; кыргыз элинин нукура байлыгын, руханий маданиятын, кыргыз жашоосун жалпы дүйнөгө сүрөттөлүшү да чагылдырылып келет. ―Айтматовдун философиясы‖ аттуу түшүнүгү болсо экзистенциалдык алкакта каралып чыкты. Адамдын маӊызы бы бийик, же болбосо кыйынчылыктарды туудурган күнүмдүк жашоосу бу бийик – Айтматовдун сөзү менен айтканда, бул бир ойлоно турган нерсе экен. Айтматовдун философиясы аттуу түшүнүктүн эң бир даана чагылдырылган мааниси жазуучунун трагедия категориясын кабыл алуусунда көрүнүп турат. Айтматов трагедиянын бир гана негативдүү маанисин алдыга койбостон, анын ички мазмунунда маанилүү, пайдалуу жана позитивдүү нерсе да жатат деп санаганы философиялык жааттан каралып чыгат.
Field : Sosyal, Beşeri ve İdari Bilimler
Journal Type : Uluslararası
Relevant Articles | Author | # |
---|
Article | Author | # |
---|