Сиражуддин Али б. Осмон ал-Оший көбүн эсе хадис менен алектенгенине жана эмгектеринин басымдуу бөлүгү бул багытта жазылганына карабастан Ислам ааламында калам аалымы катарын белгилүү болгон. Анын өмүр баянына жана жазган эмгектерине көз чаптырганыбызда мухаддис катарында көрүүгө болот. Булактарда көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде ага таандык делген эмгектердин жалпы саны 10-11 болуп саналат. Булардын арасынан алты китеп хадис илими менен байланыштуу болгондуктан жалпы эмгектердин %60 пайызын түзөт. Андан сырткары фыкх жана калам багыты боюнча жазган эмгектери дагы бар. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Сиражуддин ал-Оший алгачкы илимди чоңойуп өскөн Ош шаарында алган. Ошол маалда Ош илимдин борбору катарында белгилүү эле. Ошто шайху-л-Ислам Насируддин Абу Абдиллах Мухаммед б. Сулайман ал-Ушиден хадис илимин алган. Андан сырткары устазынан Абу Бакир Мухаммед б. Аби Али ат-Тусинин “Табакат” аттуу китебин самаъ жолу менен алган. Хадис илимине таандык делген эмгектеринин ичинен “Нисабу-л-ахбар ли тазкиратил-ахйар” жана “Жуз фи риваяти Анас б. Малин ан Расулиллах би иснадин вахидин” аттуу эмгектери азыркы учурга чейин жеткен. Ошинин “Нисабу-л-ахбар” аттуу эмгеги системалуу түрдө темаларына жараша баптарга бөлүнүп жазылган. Китеп 100 баптан турат. Бул китепти жазууда 14 хадис китебин булак катары колдонуп, сахих, кыска жана маанилүү хадистерди топтогон. Анда миңге жакын хадис бар. Албетте, бул анын хадис илимине маани бергендигин көрсөтөт. Ал чыныгы мухаддис катарында бул илимди мыкты билгендигин көрсөтүп, эмгегинде хадистерди риваят кылууда хадис илиминдеги метод жана эрежелердин негизинде иш алып барган. Ошондой эле, хадистерди кайсыл китептен алгандыгына көрсөткөн румуз колдонгон. Бирок, бул эмгек хадис илиминде каралган талаптарга жооп бербеген айрым хадистерди камтыганы менен, азыркы учурга чейин жетпеген кээ бир китептер жана алардын ичиндеги хадистер тууралуу маалымат бергендиги жагынан манилүү болуп саналат.
Alan : İlahiyat
Dergi Türü : Ulusal
Benzer Makaleler | Yazar | # |
---|
Makale | Yazar | # |
---|