Мусулман коомчулугунун жашоо образын түзгөн негизги булактар, бул- Кураны Карим жана Аз. Пайгамбардын (с.а.в.) сүннөттөрү болуп саналат. Мына ушул булактарды талдоо иши, ар башка мусулман коомчулугу тарабынан, ар түрдүү тааризде ишке ашырылган. Ханафий мазхабы да мына ушул эколдордун бири. Бул мазхапка реалисттик көз караштын негизинде баа берүүчү болсок, анын башка мазхаптарга салыштырмалуу, чындыгында бир топ артыкчылыгына күбөө болобуз. Бул пикирибизди анын укуктук системага паралелдүү өсүп-өнүгүшү, дүйнө жүзүндө кеңири аймака жайылышы, көпчүлүк мусулман коомчулугун өзүнө тарапташ кылышы, жб. ушул сыяктуу өзгөчөлүктөрү ырастап кетет. Мына ушундай артыкчылыка ээ болгон ханафий мазхабын таанып билүү, негизи ар бир ханафий мусулмандын милдети болуп эсептелет. Бул макалабызда ханафий мазхабынын түптөлүшүндө таасирдүү болгон факторлор, фуруъ аль-фикх жана усулу аль-фикх жаатында жазылган адабияттар өңдүү темаларды карамакчыбыз.
Alan : İlahiyat
Dergi Türü : Ulusal
Benzer Makaleler | Yazar | # |
---|
Makale | Yazar | # |
---|