Kullanım Kılavuzu
Neden sadece 3 sonuç görüntüleyebiliyorum?
Sadece üye olan kurumların ağından bağlandığınız da tüm sonuçları görüntüleyebilirsiniz. Üye olmayan kurumlar için kurum yetkililerinin başvurması durumunda 1 aylık ücretsiz deneme sürümü açmaktayız.
Benim olmayan çok sonuç geliyor?
Birçok kaynakça da atıflar "Soyad, İ" olarak gösterildiği için özellikle Soyad ve isminin baş harfi aynı olan akademisyenlerin atıfları zaman zaman karışabilmektedir. Bu sorun tüm dünyadaki atıf dizinlerinin sıkça karşılaştığı bir sorundur.
Sadece ilgili makaleme yapılan atıfları nasıl görebilirim?
Makalenizin ismini arattıktan sonra detaylar kısmına bastığınız anda seçtiğiniz makaleye yapılan atıfları görebilirsiniz.
 Görüntüleme 29
 İndirme 5
Сиражуддин Осмон ал-Оши жана «Амали» касидасынын матуридий дүйнө таанымындагы орду
2018
Dergi:  
OŞ DEVLET ÜNİVERSİTESİ İLAHİYAT FAKÜLTESİ İLMİ DERGİSİ
Yazar:  
Özet:

Сиражуддин Осмон ал-Оши аты көрсөтүп тургандай, Кыргызстандын Ош аймагында туулган. Бирок учурда Оши жана чыгармасы «Амали» жөнүндө илимий чөйрөдө да, динчил катары эсептелген жарандардын арасында да жетиштүү маалымат жок. Албетте мунун объективдүү жана субъективдүү себептери бар. Чындыгында тарыхта жана учурда көптөгөн өлкөлөрдө, өзгөчө анын «Амали» касидасы абдан таанымал болгон: Орто Азия, Түркия, Египет, Индия, Пакистан, Россия, жада калса Германия, Франция, Улуу Британияга окшогон өлкөлөрдүн китепканаларында да «Амали» касидасынын кол жазма же басмадан чыккан нускаларынын болгондугу жана көптөгөн шархтардын жазылгандыгы айтылган ойду тастыктап турат. Сиражуддин Осмон ал-Оши Караханиддердин доорунда Ош шаарында жашап, хадис, фикх тармактарында көптөгөн эмгектерди калтырып кеткен. Анын калам тармагындагы жазган жападан жалгыз эмгеги – «Амали» касидасы. Аты аталган чыгармада Матуриди теологиялык системасынын негизи ыр түрүндө чагылдырган. Ошондуктан ал кылымдар бою бир топ өлкөнүн медреселеринде окуу куралы катары колдонулган жана башка тилдерге которулуп бастырылган. ал-Оши Матуриди калам системасын жактоочулардан бири катары, ачык жана кеңири болбосо да, чыгармасын Имам Абу Мансур ал-Матуридинин системасын жактаган башка аалымдардай метод менен баштап, туура деп эсептелбеген көз караштарды сынга алган. Өзгөчө эмгеги жөнөкөй тил жана ыр түрүндө жазылгандыктан, матуридилик ишеним системасы Орто Азия элдеринин дүйнө таанымына терең сиңип, алардын эң негизги маданий баалуулугу катары эсептелип келген. Ошондуктан биз бул макалабыз менен Сиражуддин Осмон ал-Оши жана «Амали» касидасынын Орто Азия мусулмандарынын салттуу диний түшүнүктөрүнүн теологиялык негизин түзгөн матуридиликтин дүйнө таанымындагы ордун талдоого аракет кылабыз.

Anahtar Kelimeler:

null
2018
Yazar:  
0
2018
Yazar:  
Atıf Yapanlar
Bilgi: Bu yayına herhangi bir atıf yapılmamıştır.
Benzer Makaleler


OŞ DEVLET ÜNİVERSİTESİ İLAHİYAT FAKÜLTESİ İLMİ DERGİSİ

Alan :   İlahiyat

Dergi Türü :   Ulusal

Metrikler
Makale : 300
Atıf : 4
OŞ DEVLET ÜNİVERSİTESİ İLAHİYAT FAKÜLTESİ İLMİ DERGİSİ