Kullanım Kılavuzu
Neden sadece 3 sonuç görüntüleyebiliyorum?
Sadece üye olan kurumların ağından bağlandığınız da tüm sonuçları görüntüleyebilirsiniz. Üye olmayan kurumlar için kurum yetkililerinin başvurması durumunda 1 aylık ücretsiz deneme sürümü açmaktayız.
Benim olmayan çok sonuç geliyor?
Birçok kaynakça da atıflar "Soyad, İ" olarak gösterildiği için özellikle Soyad ve isminin baş harfi aynı olan akademisyenlerin atıfları zaman zaman karışabilmektedir. Bu sorun tüm dünyadaki atıf dizinlerinin sıkça karşılaştığı bir sorundur.
Sadece ilgili makaleme yapılan atıfları nasıl görebilirim?
Makalenizin ismini arattıktan sonra detaylar kısmına bastığınız anda seçtiğiniz makaleye yapılan atıfları görebilirsiniz.
 Görüntüleme 23
 İndirme 10
ЫЙЫК КУРАНДЫ ОРУС ТИЛИНЕ КОТОРГОН ЭҢ АЛГАЧКЫ МУСУЛМАН АЯЛ: ИМАН ВАЛЕРИЯ ПОРОХОВА
2017
Dergi:  
ULUSLARARASI TÜRK LEHÇE ARAŞTIRMALARI DERGİSİ (TÜRKLAD)
Yazar:  
Özet:

Ыйык Кураны Карим түшкөн учурдан баштап эле, адам баласынын көңүлүн өзүнө буруп, жан дүйнөлөрдү эргитип келет. Ыйык Куран араб тилинде түшкөндүктөн анын маанисин түшүнүүдө араб улутундагы элге эч кандай кыйынчылыктар болгон жок. Дүйнөдө эне тили арапча болбогон нечендеген мусулман калкы жашап келет. Алар Ислам динин кабыл алгандан кийин ыйык Китепти түшүнүүдө көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушкан. Ошондуктан мусулман калкынын араб тилин үйрөнүүгө кызыктар экендигинин негизги себеби, ыйык Курандын маанисин түп нускасынан үйрөнүү болгон. Ал эми араб тилин үйрөнүүгө дарамети жетпеген мусулмандар Курандын маанисин өз тилдеринде которуп берүүчүлөргө муктаж болушкан.             Мурунку аалымдар ыйык Курандын башка тилдерге которулуусуна чечкиндүү кадам шилтешкен эмес. Албетте, мунун бир канча себептери бар. Ал эми калкынын саны жагынан көпчүлүгү христиан динин тутунган орус элинин мусулмандар менен болгон алакасы Х. кылымдарда башталган. Ыйык Куран жана Ислам дини менен таанышуу XI. кылымдын башында башталганы айтылат. Ыйык Курандын котормосу орус тилинде 1871-жылы алгачкы жолу жарык көргөн. Ошондой эле, түздөн-түз арабчадан которулбастан, батыш тили аркылуу которулган. Акыркы маалыматтарга таянып айта турган болсок ыйык Курандын орус тилиндеги басылып чыккан котормосунун, жалпы саны отузга жакын. Мына ошолордун арасынан ыйык Куранды орус тилине которгон эң алгачкы орус улутундагы мусулман аял; бул- В. Порохова. Биз мына ошол котормочу аял жөнүндө изилдөө жүргүзүүнү максат кылдык. Макалабызда Порохованын өмүр баяны жана анын ыйык Куранды которуу методикасы тууралуу маалымат берүүгө аракеттенебиз.

Anahtar Kelimeler:

Atıf Yapanlar
Bilgi: Bu yayına herhangi bir atıf yapılmamıştır.
Benzer Makaleler


ULUSLARARASI TÜRK LEHÇE ARAŞTIRMALARI DERGİSİ (TÜRKLAD)

Alan :   Filoloji

Dergi Türü :   Uluslararası

Metrikler
Makale : 256
Atıf : 202
ULUSLARARASI TÜRK LEHÇE ARAŞTIRMALARI DERGİSİ (TÜRKLAD)