Бул аалымдын толук аты жөнү Али бин Осман бин Мухаммед бин Сулайман Аби Мухаммед Сиражжуддин аль-Таймия аль-Фарганий аль-Ханафий аль-Оший. Ал замандаш аалымдар арасында Сиражжуддин “Диндин шооласы” деген лакабы менен таанылган. Качан туулгандыгы жана өмүр баяны туурасында так маалыматтар жок. Бирок чыгармаларынан анын Фергана өрөөнүнө караштуу, маданияттын очогу болгон Ошто төрөлгөндүгү белгилүү. Ал Ханафий мазхабынын жана Матуридий теориясынын көрүнүктүү усулчусу, Матуридий теологиясынын ойчулу (Мутакелими) катары белгилүү болгон. Ошол эле учурда ал чыгармаларыны адабият жанрында жазган акын катары да белгилүү болуп, заманындагы илим адамдарынан өзгөчөлөнүп турган. Ал Ислам укугу жана теология илими боюнча жогорку деңгээлде аалым даражасына жетишкен. Ошондуктан Али бин Осман аль-Оший “Диндин шооласы”, “Имам”, “Аллаама”, жана “Мухаккик” деген лакаптарга ээ болгон. Анын чыгармаларынан каза болгон жылы туурасында бирканча жоромолдор бар. Бир жоромолдо ал х.569/м.1173-жылы каза болгон деп айтылса, башка бир жоромолдо болсо х.575/м.1179-жылы каза болгондугу жөнүндө айтылып келет. Анын чыгармаларынан кээ бирлери гана биздин заманга чейин жетип келген. Ага таандык болгон чыгармалары төмөнкүдөй: Нисабил-ахбар ли-тезкиретил-ахяр, Бадуль-амаали касыйдасы, Аль-Фатава ас-Сиражийа, Гурарул-Ахбар жана Дурарул-Анвар, Мухталифур-ривайа.
Alan : İlahiyat
Dergi Türü : Ulusal
Benzer Makaleler | Yazar | # |
---|
Makale | Yazar | # |
---|